КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Жалал-Абад шаарында 14-18 жаштагы окуучуларга эмгек мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан, Кызматтын директору Мадьяров Чолпонкул Мысыровичтин 07.04.2025-жылдагы №01-05/436 сандуу катын аткаруу максатында, 2025-жылдын 7-апрелинен 23-апрелине чейин Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мектептерде 14 жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүм окуучуларга КР Эмгек Кодексинин III-Бөлүмү. Кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө мыйзам чегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, окуучуларга эмгек мыйзамдарынын негиздери жана алардын укуктары жөнүндө кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, укук бузууга жол бербөө жана мыйзамдарга ылайык кызматтык милдеттерин аткаруу боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio