Кызматтын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы жана улук инспектору тарабынан 15-апрель 2025-жылы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана 10-апрель 2025-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында Бизнес-чөйрөнү текшерүү жана ишкерлерди колдоо максатында Бизнести агартуу кербени болуп өттү. Бул чогулушта башкармалыктын башчысы тарабынан жаңы кабыл алынган Эмгек кодексинин өзгөртүүлөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, эмгекти коргоо жана эмгек мыйзамдарына байланыштуу суроолорго түшүндүрмөлөр берилди. Бул иш-чарага көптөгөн иш берүүчүлөр катышып, 28-апрель “Эмгекти коргоо күнүнө” карата өтүп жаткан бир айлык тууралуу кеңири маалымат берилди. Жыйынтыгында, иш берүүчүлөргө эмгекти коргоо, кызматкерлердин укуктарын сактоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар берилди.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio