Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директорунун 9-июнь 2022-ж. № 40-од сандуу буйругун аткаруу максатында Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын башкы инспекторунун аткарган иштери жөнүндө маалымат: 2025-жылдын 2-кварталына бекитилген иш-планды ишке ашыруу боюнча жана КР Башкы прокуратурасы менен макулдашылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү ишинин алкагында, 2025-жылдын 17-21 күндөрү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актысы түзүлүп, сандуу бузууларды жоюу үчүн эскертме жазуу берилди. Ошондой эле, КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 87-беренесинин 4-пунктуна ылайык 23,000 сом айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio