28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк Эмгекти коргоо күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан бир айлык иш-чара жарыяланып. Аны аткаруу максатында Түндүк региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору тарабынан 2025-жылдын 23-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясын жайылтуу боюнча Ысык-Көл районунда жеке ишкерлер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана айыл өкмөт кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда Кодекстин өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлүп, эмгек мыйзамдары боюнча маалымат берилди. Ошондой эле 28-апрель күнү Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын Чолпон-Ата шаарындагы бөлүмү Ачык эшик күнүн өткөрөт. Жарандар келип, эмгек мыйзамдары боюнча суроолоруна жооп жана кеңеш ала алышат.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio