КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын буйругунун негизинде, 2025-жылдын 28-апрель күнү — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата Москва районунда семинар өткөрүлдү. Иш-чарага райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги, орто мектептердин директорлору жана тиешелүү адистер катышты. Семинардын негизги максаты — эмгекти коргоо, коопсуз жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана бул жаатта мыйзамдардын талаптарын таанытуу болду. Семинар учурунда эмгек мыйзамдарынын негизги жоболору, эмгек коопсуздугу жана жашы жете электерди эмгекке тартууга байланыштуу чектөөлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Катышуучуларга маалыматтык материалдар таратылып, суроо-жооп форматында талкуу уюштурулду. Иш-чаранын жыйынтыгында билим берүү мекемелеринде эмгек коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча сунуштар берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio