2025-жылдын 16-апрель күнү Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясы, Талас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин мыйзамсыз пайдаланууга жана эмгектин оор формаларына тартылышына бөгөт коюу максатында рейд уюштурулду. Рейд учурунда шаар аймагында жайгашкан түнкү компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар, соода-сатык дүкөндөрү, эс алуу бакчалары жана шаардын көчөлөрү текшерүүгө алынды. Рейд учурунда кызматтын инспектору тарабынан өспүрүм балдарга, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге эмгек мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio