Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү, Ош мамлекеттик университети жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын камсыздоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түштүк аймактык бөлүмү менен биргеликте Ош шаарындагы мектептерде жогорку класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн атайын жолугушууларды өткөрүүдө. Иш-чаранын алкагында жаш өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары, милдеттери, ошондой эле эмгектенүүгө байланыштуу мыйзамда каралган жеңилдиктер жана чектөөлөр тууралуу кеңири маалымат берилүүдө. Максат — жаштарды эмгек мыйзамдары менен тааныштырып, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio