КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Нарын облусунда “Бизнести агартуу кербени” өткөрүлдү.

2025-жылдын 1-апрелинде Нарын облусунда Түндүк региону боюнча Региондор аралык башкармалыктын башчысы жана башкы эмгек инспекторунун катышуусунда ишкерлерди колдоо жана бизнес-чөйрөнү текшерүү максатында “Бизнести агартуу кербени” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында башкармалыктын башчысы Т. Жумалиев тарабынан жаңыланган Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, эмгекти коргоо жана эмгек мыйзамдарына байланыштуу катышуучулардын суроолоруна түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чарага көптөгөн иш берүүчүлөр катышты. Ошол эле учурда, 28-апрель – “Эмгекти коргоо күнүнө“ карата жарыяланган бир айлыктын алкагында иш-чара өткөрүлүп жатканы боюнча да маалымат берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio