КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөргө багытталган түнкү рейд жүргүзүлдү.

Кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан 2025-жылдын 9-апрель күнү, саат 22:00дөн 24:00гө чейин Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги №125 сандуу буйругунун негизинде “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейд Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп, жашы жете элек өспүрүм балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдаланууга жана алардын оор эмгек формаларына тартылышына бөгөт коюу максатында жүргүзүлдү. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы түнкү компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар, соода-сатык дүкөндөрү, эс алуу бактары жана шаар көчөлөрү текшерүүгө алынды. Рейд учурунда кызматтын инспектору тарабынан жаш өспүрүмдөргө, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча мыйзам чегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, тиешелүү маалымат Жалал-Абад шаарынын прокуратурасына берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio