Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын директорунун 2022-жылдын 9-июнундагы №40-од буйругун аткаруу максатында, Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыктын башкы инспектору тарабынан төмөнкү иштер жүргүзүлгөн. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Ч.У.нун кайрылуусунун негизинде, Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы менен макулдашылып, 2025-жылдын 24-мартында Таш-Көмүр шаардык мэриясында жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертме берилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 65 000 (алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio