КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА ТҮЗ ЭФИРДЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ.

28-апрель — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата ЭЛТР телерадио компаниясынын “Күн Маек” телеберүүсүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын өкүлдөрү конокто болушту. Түз эфир учурунда кызматтын ишмердүүлүгү, жаңы кабыл алынган Эмгек кодексинин негизги талаптары жана жарыяланган бир айлыктын алкагында жүргүзүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле алып баруучу тарабынан эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо талаптары боюнча берилген бардык суроолорго кызмат өкүлдөрү толук жана түшүндүрмө жоопторду беришти.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio