КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында эмгек мыйзамдары боюнча маалыматтык семинарлар өттү.

25-27-мартта Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана Инвестициялык кеңештин колдоосу менен чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн маалыматтык семинарлар өттү. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулуп, жаңы Эмгек кодекси менен байланыштуу өзгөрүүлөр түшүндүрүлдү. Семинарларга жалпысынан 700гө жакын ишкер катышты: • Жалал-Абад облусунда – 400 ишкер, • Ош облусунда – 200 ишкер, • Баткен облусунда – 100 ишкер. Министрликтин өкүлү Жазгүл Калмырзаева жаңы кодекстин негизги жоболорун, анын ичинде эмгек келишимдерин түзүү эрежелерин, жумуш орундарын квоталоо жана эмгекти коргоо шарттарын түшүндүрдү. Башкы инспектор Элгиз Зуридинов эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө, жоопкерчилик чаралары жана айыптар боюнча маалымат берди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio