КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

№2-од буйругуна ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды оор жана зыяндуу жумуштарга тартууну алдын алуу максатында Сүлүктү шаарынын аймагында рейд өткөрүлдү.

2025-жылдын 5-февралында, Кызматтын Түштүк региондор боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору тарабынан, Кызматтын 2025-жылдын 9-январындагы №2-од буйругуна ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгегин оор жана зыяндуу жумуштарга тартууну алдын алуу максатында Сүлүктү шаарынын аймагында рейд өткөрүлдү. Иш-чара аймактык башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер менен биргеликте уюштурулуп, ага Сүлүктү шаарынын мэриясынын адиси А. Дооранова, Сүлүктү шаардык Эмгек, камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адиси Равшанбек кызы Жазгүл жана Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору А. Абдурахманов катышты. Рейд учурунда иш берүүчүлөргө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн зарыл шарттарды түзүү (мисалы, пандустарды орнотуу) боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, аялдарды жана жашы жете элек балдарды оор жумуштарга тартууга тыюу салынары жөнүндөгү маалымат берилди. Мына ушундай иштер боюнча эскертме каттар тапшырылды.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio