КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Сүлүктү шаарында пландуу текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузгандарга айып пул салынды.

2024-жылдын ноябрь айында кызматтын 236- буйруктун негизинде, Сүлүктү шаардык маданият болумуно эмгекти коргоо жана эмгек мамилелеринин сакталышы боюнча мыйзамдын чегинде пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда эмгек мыйзамдарынын сакталышы бузулгандыгына байланыштуу, КР укук бузуулар кодексинин 87-беренесинин 4-пунктуна ылайык протокол тузулуп мыйзам чегинде 23000(жыйырма үч миң )сом айып пул салынды. Ошондой эле Сүлүктү шаардык жалпы билим берүүчү атайын интернат мектеби кызматтын 237- буйруктун негизинде, эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери боюнча мыйзамдын чегинде пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда эмгек мыйзамдарынын сакталышы бузулгандыгына байланыштуу, КР укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 87- беренесинин 4- пунктуна ылайык протокол тузулуп мыйзам чегинде 23000(жыйырма үч миң) сом айым пул салынды.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio