Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын инспектору жана Ысык-Ата РИИБнин жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлору, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайырчылык жана оор эмгек менен алектенген жаш өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча пландын алкагында рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө базар, кафе жана башка ишкердик субъектилерине жашы жете элек балдарды жумушка тартуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү акты түзүлүп, билдирмелер таркатылды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio