2025-жылдын 23-январында Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү менен эмгек рыногундагы расмий эмес иш менен камсыздоону азайтуу маселелерине арналган жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы болуп, Кыргызстандагы Тилектештик борборунун колдоосу менен өткөрүлдү. Жолугушуунун максаты – эмгек мамилелерин расмий тариздөөнү жайылтууга багытталган маалыматтык кампанияны жүргүзүү болду. Катышуучулар эмгек келишимдерин түзүүнүн артыкчылыктарын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүүнү, ошондой эле эмгек акыны накталай эмес формага өткөрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты. Иш-чарага банктардын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, кесиптик бирикмелер, ошондой эле мамлекеттик органдар, министрликтер жана ведомстволор катышты.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio