КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Кочкор айылынын борборунда жаш өспүрүмдөргө карата рейд өткөрүлдү.

Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан 16.01.2025 жылы Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖОИИ инспекторлору, Кочкор райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери менен биргеликте жашы 18 жашка чыга элек жаш өспүрүмдөрдүн ишке тартылуусуна тыюу салуу максатында "Өспүрүм-Түн" аталыштагы рейд уюштурулду. Кочкор айылынын борборунда жайгашкан той кана, тамак-аш жайларына жана интернет кулубдар текшерилди. Аныкталган фактылардын негизинде Акт түзүлүп,Кочкор РИИБнүн ЖОИИ инспекторлоруна тапшырылды. Жаш өспүрүмдөргө, иш берүүчүлөргө жана ата эмнелерге эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Өспүрүмдөрдүн ишке тартылуусуна тыюу салуу максытында билдирүүлөр таратылды.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio