КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Жалал-Абад шаарында "Түнкү өспүрүм" аталыштагы Рейд өткөрүлду.

Кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору 2024-жылдын 18-декабрь күнү түнкү саат 22:00дон 24:00го чейин Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын 11-декабрь 2024-жылдагы №651-П сандуу буйругунун негизинде "Өспүрүм түн" аталыштагы Рейд өткөрүлүп. Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек жаш өспүрүм балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу жана өспүрүм балдардын эмгектин оор формалалына тартылышына бөгөт коюуу максатында рейд уюштурулду. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан түнкү компьютердик оюн клубтар тамактануучу жайлары, соода сатык дүкөндөр,эс алуу бактар жана шаардын көчөлөрү текшерүүгө алынып, Рейд учурунда кызматтын инспектору тарабынан жаш өспүрүм балдарга, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге мыйзам чегинде, эмгек мыйзамдарынын сакталышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп акты түзүлүп, Жалал-Абад шаарынын прокуратурасына маалымат берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio