КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Өндүрүштүк кырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы менен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, келтирилген зыяндын ордун толтуруунун жалпы суммасы 10 122 959 (он миллион бир жүз жыйырма эки миң тогуз жүз элүү тогуз) сомду түзүп, төлөнуп берилди.

Кызмат “ТРАНС КАРАВАН КЕЙДЖИ” ЖЧКсынын кызматкерлери А.О.А., Я.Л.Ю жана И.Е.А.нын катышуусунда болгон өлүмгө алып келген жана оор өндүрүштүк кырсык боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Алар Ми-8МТВ-1 тик учагынын учкучтары (экипажы) катары өрттү өчүрүү боюнча сезондук иштер үчүн Түркия Республикасына командировкага Полатли шаарына келишкен. Ми-8МТВ-1 тик учагынын экипажы кызматтык милдеттерин аткарып жатып кырсыкка учурап, 2 учкучтан турган экипаж каза болуп, 1 учкуч аман калып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Өндүрүштүк кырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы менен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө А.О.А. жана Я.Л.Ю ыктыярдуу түрдө “ТРАНС КАРАВАН КЕЙДЖИ” ЖЧКсы тарабынан ар бирине 5 102 246 (беш миллион бир жүз эки миң эки жүз кырк алты) сомдон бир жолку жөлөкпул түрүндө компенсация төлөнүп, келтирилген зыяндын ордун толтуруунун жалпы суммасы 10 122 959 (он миллион бир жүз жыйырма эки миң тогуз жүз элүү тогуз) сомду түздү төлөнүп берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio