КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Сары-Булак айыл өкмөтүндө эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан 2025-жылга карата түзүлгөн иш-пландынын негизинде Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Анын негизинде тиешелүү Акт түзүлүп, бузууларды жоюу максатында айыл өкмөтүнө Эскертме жазуу түрүндө берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Протокол түзүлүп, анын негизинде Токтом чыгарылып, 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен эмгек мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында кызматкерлерге эмгек келишимдерин түзүү, эмгек шарттарын камсыз кылуу жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio