2025-жылдын 21-май күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору тарабынан Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана Ош ШИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек балдарды эмгекке тартууга жол бербөө жана алардын укуктарын камсыз кылуу багытында рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө башкармалыктын инспектору тарабынан жашы жете элек балдарды эмгекке тартууда эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio