КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Bakai Bank менен өнөктөштүктө Эмгек кодексиндеги өзгөрүүлөр боюнча конференция өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы Bakai Bank менен өнөктөштүктө Бишкек шаарында жаңы Эмгек кодексиндеги негизги өзгөрүүлөргө арналган конференция өткөрдү. Иш-чара «Империал» конференц-залында өтүп, 200дөн ашуун катышуучуну — персонал башкаруу боюнча адистерди, юристтерди, жетекчилерди жана кадр кызматкерлерин чогултту. Конференцияда эмгек келишимдерин түзүү тартиби, иш убактысы жана эмгек өргүүсүнө байланыштуу жаңы нормалар, ошондой эле жумуш берүүчүлөр үчүн укуктук тобокелчиликтерди азайтуу чаралары талкууланды. Кызмат бизнес-коомчулук менен ачык диалог жүргүзүү эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга жана адилеттүү эмгек чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Bakai Bankка демилгеси жана колдоосу үчүн, ал эми бардык катышуучуларга активдүү катышуусу жана эмгек тармагындагы укуктук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio